Бишкек.19.12.2018.Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынытыктаган пресс-конференциясы той сыяктуу аяктады. Жыйын башка жыйындырдан айырмаланып өттү. Бул пресс-конференция Сооронбай Жээнбековдун президент болуп турган учурундагы ЖМК өкүлдөрү менен болгон алгачкы жыйыны болуп эсептелинет.
Эске сала кетсек буга чейин президенттин инагурациясы 2017-жылдын 24-ноябрында болгон. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйынга 170тен ашуун ЖМК өкүлдөрү катышты. Жыйналыш 3,5 саатка созулуп, алардын ичинен 40 журналист өз суроолорун президентке берип, жооп ала алышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков быйылкы иштер тууралуу айтып, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Сооронбай Жээнбековго акыркы суроону журналист Элнура Кулуева узатты.
“Сиз журналисттердин курч суроолорунун барына жооп бердиңиз. Бул үчүн сизге рахмат. Биз бул жыйынды позитивдүү маанайда жыйынтыктасак деп турабыз”,-деди Кулуева.
Ал “Президентке кат куржун” акциясы жана “Кыргыз беш бармагы” тууралуу айтып, жыйынтыгында президентке калпак белек кылып, кабыл алып коюсун өтүндү. Журналист калпакты президенттин апарат кызматы аркылуу тапшырды. Жээнбеков, журналист Элнура Кулуевага рахмат айтып, ыраазычылык билдирди.
Эске сала кетсек, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы журналисттер менен болгон жолугушуусунда ал белек албай эле, кайра суроо берген журналистке саатын чечип берүүгө аргасыз болгон.
Атамбаев “Де-Факто” гезитинин башкы редактору Амантур Мусагул уулуна колундагы саатын чечип берген. Алмазбек Атамбаев журналистке “дагы жакшы костюм-шым сурабаганыңа рахмат”,- деп кошумчалаган эле.