• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖК Аскаров менен Асрандиев талапкерлигин жактырды

5 Бирдин айы 2020 13:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Өзгөчө кырдаалдар министрине Аскаров Замирбек Марипбаевичтин, ал эми вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди.

Өкмөт башчы жаңы вице-премьер-министрге каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам, чек ара боюнча баардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык кооптуу аймакта орун алгандыктан, өзгөчө кырдаалдар жаатында көйгөйлүү маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаров сунушталууда», – деди ал.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков талапкерлерди өлкө экономикасын көтөрүү жана калк турмушун жакшыртуу жаатында болгон аракеттерин жумшоого чакыруу менен бирге, жалпы депутаттардын атынан Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевдин эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, жаңы кызматында ири ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 97