• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК башкы прокурорду кызматтан бошотуу сунушун жактырды

21 Тогуздун айы 202014:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурор кызматтан бошотуу сунушун жактырды.

Буга чейин Жамшитовду кызматтан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырып, ал маселе Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек башкы прокурор кызматына депутат Курманбек Зулушевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө.

Количество просмотров: 135