• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

ЖК Башкы прокурордун отчетун канааттандырарлык деп тапты

17 Чын куран 2024 18:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар 2023-жылы Кыргызстанда мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчетун укту.

Жыйында депутаттардын суроолоруна башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка тиешелүү укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жооп беришти.

Депутат Акылбек Түмөнбаев Казакстанда кармалып, соттолгон кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевди экстрадициялоо маселесине токтолуп, анын качан алынып келинерин тактады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул маселе жеке көзөмөлүндө экенин айтты.

Башка судьяларга карата козголгон кылмыш иштерин судьялар канчалык адилет карайт, деп суроо салды депутат Айсулу Мамашова. Ал 2023-жылы 11 судьяга кылмыш иши козголгонун тактады. Депутат Миргүл Темирбаева президенттин жарлыгына карабай билим берүү мекемелеринде негизсиз акча чогултуулар токтобой жатканын белгилеп, бул көрүнүштөргө Башкы прокурорду көңүл бурууга чакырды.

Ал эми эл өкүлдөрү Камила Талиева менен Нилуфар Алимжанова ооруканаларда балдардын массалык түрдө ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы боюнча компенсация төлөп берүү жана кылмыш иштерин жандандыруу маселесин көтөрүштү. Депутат Элвира Сурабалдиева «Бишкекасфальтсервис» ишканасына 4 жыл мурда козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгына кызыгып, аны көзөмөлдөөгө чакырды.

Жыйынтыгында депутаттар 2023-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурордун отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Количество просмотров: 69