• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ЖК депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болду

26 Баш оона 2021 12:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-августта, Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болуп шайланды.

Ал үчүн шаардык кеңештин 19 депутаты добуш берип колдошкон.

Белгилей кетсек, Токмокто бүгүн 26-августка белгиленген мэр шайлоо дээрлик эки саат кечигип башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, шаардык кеңештин 31 депутатынын 30у саат 12ге жакын гана чогулуп, добуш берүүнү башташты.

Күн тартибине ылайык, жыйын саат 9да башталып, 12де жыйынтыкталмак.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында да мэр шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43үнүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43үнүн колдоосуна татыды

Количество просмотров: 305