• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК депутаты, Аида Касымалиева: «Суицидге барган балдардын көпчүлүгү миграцияда жүргөн жарандардын балдары»

8 Баш оона 201816:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.08.2018.Govori.TV
Мигрант кыз-келиндердин ден-соолугу учурда жакшы эмес. Бул тууралуу ЖК депутаты Аида Касымалиева  Чолпон-Ата шаарында чет жакта миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирген «Мекендештер» форумунда айтты.  
«Мен азаттыкта иштеп жүргөндө көп жолу Россияга барып алардын жашаган жерин,шарттарын көргөмүн. Бирок андан бери көп убакыт өттү эч кандай өзгөрүү жок. Өлкөдө учурда үй-бүлөө институту урап жок болуу коркунучунда турат. Биринчи маселе мониторинг жүргүзүлгөндө 260миң балдар кароосуз калган. Кароосуз дегенибиз алардын ата-энеси толук мээрим төкпөй,алыспы жакынбы туугандарына таштап иштеш үчүн кеткендер. Ошол мээрим жетишпеген балдардын ичинен суидцидге баргандар көп болууда. МВДнын статистикасын карасаңар жүрөк канайт. Көпчүлүгү жакын туугандары тарабынан зордуктоого кабылышкан. Сунуш катары интернаттарды оптималдаштырабыз деп жатышат. Биз коомчулук жардам берсе биргеликте иш алып барабыз»-деди депутат айым.
Депутат бир нече сунуштарды кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча сунуштарды сунуштады. Анын сунушунда 9-класстан баштап мектептеги окуучуларга үй-бүлөөдөгү жоопкечилик окутулушу керек. Бул сунуш Билим берүү жана илим министрине карата айтылды. Саламаттыкты сактоо министрлигине дагы сунуш айтылды.
Эскерте кетсек миграцияга кеткен жарандардын 40 пайызын кыз-келиндер түзөт.

 

Количество просмотров: 12