• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ЖК: Ката кетирген кеңешчи кызматтан кетти

5 Чын куран 201918:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.04.2019. Govori.TV.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы социалдык тармактарга тарап кеткен спикер Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдогон катында каталар кеткенин моюнга алганы белгилүү. Бул тууралуу териштирүү жүрүп, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер – анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан чындыгында эле бошотулганын Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу маалымдады.

Буга чейин «Govori.TV» мультимедиалык агенттиги «Алмазбек  Сабырбеков өз ордунда иштеп жатат» деген маалыматтан улам Спикердин кабылдамасына чалып байланышкан. Катчы кыз анын иштеп жатканын дагы, иштен кеткенин дагы тастыктаган эмес.

Ал эми бул тууралуу, «ЖКга кирүүгө эч кимге тыюу салынган эмес, эгер аны бул жактан көрүшсө, балким ал мурунку жумуштарын бүтүрүп жаткандыр»,- деп жооп берди Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган документтеги каталар кызуу талкууга түшүп, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы катта чындап эле одоно каталар болгонун, бирок ал катты төрага өз колу менен жазбаганын билдирген. Кийинчерээк факсимиле жол менен кандай учурда кол коюла тургандыгы дагы ачыкталып, Жогорку Кеңештин маалымат кызматы дагы бир жолу ыңгайсыз абалда калган. 

Количество просмотров: 21