Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Азербайжандагы элчи кызматына Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин колдоду.
Осмоналиевдин талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.
Белгилей кетсек, Кайрат Осмоналиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.