• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖК комитети Бакирова менен Дүйшеевдин арызын канааттандырды

1 Бирдин айы 2022 14:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын билдирген. Жана ал президент Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга жолдогон өтүнүчүн кабарлаган.

Алмасбек Абытов ошондой эле президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Количество просмотров: 78