• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК комитети чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатат

31 Үчтүн айы 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жабык карап жатат.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев, Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев чакырылган.

Эске салсак, 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Бирок кайра саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

Количество просмотров: 121