• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

ЖК комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды

10 Тогуздун айы 2022 20:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен келишимди жактырды. Комитеттеги 6 депутат макулдугун берип, 4 депутат каршы болду. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге билдирди.

«Мен бул маселе боюнча бир нече жолу өз көз карашымды айттым. Кагаздарды, документтерди көрмөйүнчө макулдугумду бере албасымды билдиргем. Ошондуктан, мен каршы добуш бердим», — деди ал.

Айдарбековдун маалымдашынча, келишимге кыргыз-өзбек президенттери кол койгон соң, документ Жогорку Кеңешке ратификацияга алып келинет.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралды. Жыйынга телефон алып кирүүгө, сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган.

Количество просмотров: 232