• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖК комитети Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

16 Бугу 2022 15:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Көчмө жыйын алкагында депутаттар Калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышып, бир катар социалдык объекттердин абалын жеринен көрөт. Муну менен катар түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолуна барары жана жергиликтүү тургундар менен да жолугушары күтүлүүдө.

Алгач комитет мүчөлөрү Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев менен баарлашып, анда табияты катаал аймактагы социалдык көйгөйлөр боюнча маалымат берилди. Айрыкча жол маселеси курч экени айтылды. Жергиликтүү жетекчилер быйылкы жылы эч болбогондо 1 чакырым 280 метр жолду оңдоп берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле Нарын шаарына заманбап спорт мектебин куруу зарылчылыгы көтөрүлдү.

Комитет төрагасы, депутат Бактыбек Сыдыков Жол фонду тууралуу учкай маалымат берип, анда чогулган каражат менен жол көйгөйүн чечүү жакшырарын белгиледи. Андан тышкары айтылган маселелер боюнча Министрлер кабинети тапшырма беришерин кошумчалашты.

Количество просмотров: 277