• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

ЖК комитети вице-спикерликке 2 талапкерди жактырды

19 Үчтүн айы 202113:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 19-январдагы жыйынында оппозициялык фракциядан вице-спикер болуучу талапкерди бекитти.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы депутат Улан Исмаиловду, ал эми «Ата Мекен» фракциясы Нурбек Сыдыгалиевди талапкер кылып көрсөткөн.

Эске салсак, Мирлан Бакиров вице-спикердик кызматын өткөрүп берип жатканын Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында билдирген.

«Өнүгүү- Прогресс» парламенттик фракциясынын сунушуна ылайык депутат Мирлан Бакиров 2017-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланган.

Мирлан Бакиров 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо көп добуш алганы жарыяланган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин жетектеген.

Шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон коомчулуктун 5-6-октябрдагы толкундоосунан кийин бийлик чукул алмашкан жана парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 192