Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү маселесин кезексиз карап, 3 окууда бирдей колдоого алды.
Президенттин жана министрлер кабинетинин өкүлү Алмасбек Абытов Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кезексиз кароону сунуштады.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары шаардын атын Манас деп өзгөртүү демилгесин колдошкон.