• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖК комитетинде бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышы жөнүндө маселе каралат

21 Тогуздун айы 2019 9:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети республикалык бюджеттин 2018-жылдагы аткарылышы жөнүндө маселе карайт.

Маалыматка ылайык, жыйынга Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева, Экономика министри Санжар Муканбетов, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Жылдызбек Исакулов жана башка өкмөт мүчөлөрү катышат.

Ошондой эле бүгүнкү жыйындын алкагында Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселелер каралат.

Количество просмотров: 47