• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖК кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун карайт

8 Чын куран 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жалпы жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети документти 6-апрелде биринчи окууда колдоп берген.

Долбоордун авторлору — Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков. Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон.

Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Долбоор кабыл алынса, бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе жумуш орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Долбоор «Ысык-Көл облусунун аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» жана «Кумар оюн иши маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдарынын долбоору деп аталат. Ал 25-январда коомдук талкууга коюлган.

Количество просмотров: 64