Жогорку Кеңештин саат 16: 00дөгү жыйынында депутаттар Баткен аймагындагы кырдаал боюнча маалымат угушат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, маселе жабык эшик артында каралат.
Талкуунун жыйынтыгы жөнүндө ЖКнын басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарына кабар берет, деп айтылат маалыматта.