• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

ЖК: Кыргыз-өзбек чек арасында жабык турган өткөрмө бекеттерди ачуу сунушталды

3 Бирдин айы 2022 16:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларында жабык турган өткөрмө бекеттерин ачууну сунуштады. Ал буга байланыштуу Жалал-Абад облусундагы эки бекетти айтты.

«Коңшу Өзбекстан Кыргызстан менен абдан жакшы мамиле түзүп келе жатат. Эки эл жакшынакай карым-катнашта болушу үчүн биз аларга шарт түзүп беришибиз керек. Сузак районунда Бек-Абад деген бекет бар. Ошол бекетти Өзбекстан тараптан ачууга даяр. Аксы районунда «Нанай» деген бекетти дагы Өзбекстан тарап ачканга даяр. Биз жактан тоскоолдук болуп жатат, ошол бекеттер ачылбай жатат. 2020-жылы Кыргызстанга чет мамлекеттен 2 миллион 200 миң адам кирген болсо ошонун 68% Өзбекстандан келген. Бекеттер ачылса туризм дагы өнүгөт. Фергана өрөөнүндө 11 миллион калк жашайт», — деди Төрөбаев.

Министрлер кабинети, Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Чек ара кызматы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тартып ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

Количество просмотров: 102