• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ЖК төрагасы чек арадагы талаш жерлер 50/50 чечилгенин айтты

5 Жалган куран 202517:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишими тууралуу “Кабар” агенттигине 5-мартта маек курду.

«Эки тарап тең уттурган жок. Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө, бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду. Эми мындан ары чыр чатак чыкпайт. Түбөлүк тынчтык, ынтымак орнойт», — деген Тургунбек уулу.

Спикер депутат Султанбай Айжигитовдун Достук айылы стратегиялык мааниге ээ экени, аны алмашуу туура эмес болуп калганы тууралуу сөзүнө комментарий берип, төмөнкүлөргө токтолду:

«Эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле Самонион же Хожало айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар дей беришсе жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме-тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да. Стратегиялык деп Төрт-Көчөнү айтсак болот. Азыр Төрт-Көчөгө КВО макамы берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот», — деди Тургунбек уулу.

Количество просмотров: 222