• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖК төрагасы Конституциялык сотту толук курамы менен кызматтан кетирүүнү талап кылды

6 Аяк оона 2023 10:52 Бишкек Govori.TV

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасын жана анын толук түзүмүн кызматтан кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-сентябрда парламент жыйында билдирди.

Бүгүнкү жыйында президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбооду бүгүн күн тартибине киргизүүнү суранып, президенттин өтүнүчүн окуду.

Мындан соң төрага сөз сүйлөп, Конституциялык сот кыргыз улутуна сокку болгон чечим кабыл алганын айтып, «андыктан бул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон толук курамын кызматтан кетишин талап кылам», — деп билдирди.

Эске салсак, буга чейин Конституциялык сот бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар экендигин айткан чечмелөө берген. Конституциялык сот бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Теги:
Количество просмотров: 681