• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев жыйын өткөрдү

28 Баш оона 202415:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламент аппаратынын жетекчилери, кызматкерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын төртүнчү сессиясынын башталышына карата даярдыктар талкууланды.

Төрага аппараттын кесипкөй иши жалпы мыйзам чыгаруу органынын ийгиликтүү иштешине түздөн-түз таасирин тийгизерин белгилеп: “Парламентте каралып жаткан маселелер боюнча бардык керектүү маалыматтарды жана материалдарды сапаттуу даярдап, ар бир кызматкер сааттын жебесиндей ыкчам иш алып барышы кажет”, – деди.

Ошондой эле Н. Шакиев тармактык комитеттердин ишин активдештирүүгө чакырып, ар бир мыйзам долбоору алгач комитеттерде андан соң жалпы жыйында каралса гана убакыт үнөмдөлүп, иш натыйжалуу болорун белгиледи.

Количество просмотров: 115