Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.
Социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин төрагасынын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган кайрылуу катындагы одоно каталар тууралуу талкуу болууда. Анда жазылган катта бир канча катанын асты кызыл менен белгиленип көрсөтүлгөн.

Бул тууралуу төраганын маалымат кызматы документтин изделип жатканын айтты.
«Учурда документтин түп нускасын издеп жатабыз. Тапканда кенен маалымат беребиз»,-деди маалымат катчы.