• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

ЖК төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кызматынан кеткени айтылды

22 Бештин айы 202014:30 Бишкек Govori.TV

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматынан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

«Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди», — деп жазган ал.

Ал эми бул маалыматты вице-спикер Мирлан Бакировдун өзүнөн тактоого азырынча мүмкүн боло элек.

Количество просмотров: 473