Бишкек.20.03.2019.Govori.TV.
ЖК депутаттары тажик-кыргыз чек ара маселесин 3-апрелде кароо чечимин бүгүн парламенттин жалпы жыйынында кабыл алышты.
Бүгүн, 20-мартта ЖК чек ара боюнча өкмөттүн маалыматын укмак, бирок өкмөт башчы Абылгазиевдин жыйынга келбей калганына байланыштуу депутаттар нааразычылык билдиришкен.
Мындан улам, маалымат угууну жылдыруу сунушу добушка коюлуп, аны көпчүлүк эл өкүлдөрү колдошкон.