• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖКда акыркы жылдардын бюджети боюнча маалымат талашка түштү

29 Жетинин айы 2018 13:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «2019-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын өзүнчө караш керек болчу» деген оюн айтып, спикер Дастан Жумабековду сындады:
Эмкиде ар жылдын бюджетин өзүнчө карап жүрүңүз. Сиз «мыйзам жол берет» деп эле күчкө сала бересизби? Жол бердирбесе да болот беле? «Бюджетти өзүнчө карасын» десеңиз, «карабасын» деген да мыйзам бер бекен, айтыңызчы? Же анда өкмөткө адвокат болуп алыңыз. Туура эмес кылдыңыз. Сизден кетти баары.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары «2017-жылдын бюджетинин аткарылышын 2019-жылдан бөлүп караш керек» деген пикирин билдиришти. Аларды бири, «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев 2017-жылы баары шайлоого чуркап кетип, өлкөнүн экономикасы каралбай калганын айтты:
— 2017-жылы Кумтөрдөн 600 миллион сом түшпөй калган. Баарыбыз ал жылы шайлоо менен чуркап жүрүп өлкө экономикасы каралбай калган. 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту суроо-жооптордун негизинде кароо зарыл.
Депутат Кенжебек Бокоев 150 миллиард сомдон ашуун акча каралган 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту үстүртөн эле өтүп кетпей, жакшылап карап, талкуулаш керек экенин айтты.
Количество просмотров: 29