• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖКда чек ара боюнча өкмөттүн маалыматы жабык эшик артында угулуп жатат

19 Аяк оона 2019 10:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн маалыматы жабык эшик артында угулуп жатат. Депутаттар ушундай чечим кабыл алды. Жыйынга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 16-сентябрында Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында жайгашкан кыргыз-тажик чек арасында ок атуу менен коштолгон капсалаӊдуу окуя болгон. Анын жүрүшүндө бир чек арачы каза болуп, бир топ жоокерлер менен жарандар жараат алган. Ошондон улам, депутаттар тобу менен өкмөт башчы баштаган күч органдарынын жетекчилери окуянын кесепеттери менен жеринен таанышып, тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Белгилей кетсек, 6-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Чек арадагы чатактын натыйжасында бир нече адам жараат алып, “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза болгон.

Количество просмотров: 70