• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖКда Кубанычбек Самаков ант берди

27 Аяк оона 2023 11:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кубанычбек Самаков ант берип, депутаттык кызматына расмий киришти.

Ал Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланып келген.

Аталган округда 10-сентябрда кайра шайлоо өткөн. Анда 24 талапкердин ичинен эң көп добушту Самаков алган.

Эске салсак, аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров мандатын өз ыктыяры менен тапшырган. Ага Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышканы себеп болгон.

28-майда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөн. Анда алдыга чыккан Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алууга шектелип шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 62