Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн Жогорку Кеңешине келген жаңы депутат Айнура Аскарова парламенттин жалпы жыйнында ант берди.
Эске салсак, парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан Айтмамат Назаровдун депутаттык мандаты Айнура Аскаровага берилген. Күбөлүк жана төш белгини ага 27-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырган.
Айнура Аскарова буга чейин “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгынын сектор башчысы болуп иштеп келген. Ал Ж.Баласагын атындагы КМУнун журналистика факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын, И.Арабаев атындагы университеттин аспирантурасын аяктаган. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын эксперти, И.Арабаев атындагы университеттин окутуучусу, “Кыргызстан” фракциясынын эксперти, “Замандаш” саясий партиясынын түптөөчүсү жана саясий кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын пресс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы, “Замандаш” журналынын редактору, “Эркин-Тоо” гезитинин баяндамачысы кызматтарын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү, Коомдук теле-радио компаниясынын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. Мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси. Үй бүлөлүү.