• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖККББ: “Айып салынат, бирок, айдоочулук күбөлүк алынбайт”

25 Үчтүн айы 2018 9:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.01. 2018. Govori.TV

“Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып салынат, бирок, айдоочулук күбөлүктөр алынбайт”. Мындай жаңылыкты Govori.TVнын суроолоруна жооп берип жатып Жол кыймылын камсыздоо Башкы Башкармалыгын башчысынын орун басары  Ыманалы Саркулов билдирди.

“Жол кыймылын көзөмөлдөөчү инспекторолор менен айдоочулар ортосундагы байланыш факторун азайтып, коррупцияга бөгөт коюу чараларынын бири катары жакында жол эрежесин бузгандарга протоколдорду электрондук түргө өткөрүүнү ишке ашырганы турабыз. Бул бир кадам болсо дагы коррупцияны азайтат. Анткени, азыр протоколдор кагаз түрүндө толтурулуп, бул бери дегенде 10 мүнөт убакытты талап кылат. Ал арада айдоочулук күбөлүгүн алдырып жиберип, ал үчүн ЖККББнын бөлүмдөрүнө же почтага, банктарга барып убара тартууну каалабаган айдоочулар ордунан эле инспекторлорго акча сунуштап, кутулуп кетүүнүн аракетин көрүшөт. Ал эми электрондук пртокол түзүүдө айдоочу жол эресин буздубу, дароо ошол видео бирдиктүү маалымат системасына тиркелип, автоматтык түрдө жол эрежесинин кайсы беренесин бузганы аныкталып, айдоочунун аты-жөнү, унаасынын номери менен электрондук протокол даяр болот. Бирок, айдоочулук күбөлүгү айдоочунун өзүндө кала берет”,-дейт ал.

Анын айтымында, электрондук протоколдун көчүрмөсү дароо эле ЖККББнын бирдиктүү база системасынан ошол айдоочунун мобилдик телефонуна жана үй дарегине жөнөтүлөт. Айдоочу, бир айдын ичинде айыпты электрондук капчыгынан же банк аркылуу төлөп койот. Эгер, бир айдын ичинде айыпты төлөбөсө, көчөдөгү видео-тасмалар айып пул төлөө мөөнөтү өткөн унааларды жолдон эле аныктап, ЖККББнын кызматкерлери аларды айдоо укугунан ажыратып, айып аянтчасына унаа токтотулмакчы.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын башында мурдагы патрулдук милициянын базасында аталган кызмат түзүлүп, коомдук тартипти көзөмөлдөө функциясы ИИМдин Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгына берилген.

 

Количество просмотров: 27