• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖККУнун ролу талкууланууда

12 Тогуздун айы 2022 11:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-октябрда Бишкекте «Региондогу коопсуздукту камсыздоодо Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана ЖККУнун ролу» аттуу тегерек стол өтүп жатат.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, аскердик эксперт Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу Марс Сариев, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курмановдор катышууда.

Чогулгандар учурдагы жергиликтүү жана геосаясий тенденцияларды эске алуу менен Борбордук Азия мамлекеттери үчүн коркунучтун деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар, жаӊы шарттарда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү форматын өркүндөтүү маселелерин талкуулап жатышат.

Количество просмотров: 99