• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

«ЖКны министрлер кабинети тоготпойбу?». Депутаттар Акылбек Жапаровго нааразы болушту

10 Бирдин айы 2022 15:04 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы нааразы болушту. Депутат Надира Нурматова Акылбек Жапаров жыйынга катышышы керектигин айттып, аны чакырууну сунуш кылды.

«Биз жазгы талаа иштери боюнча көптөн бери министрлер кабинетинен маалымат угалы деп жатабыз. Бүгүн министрлер кабинетинин жетекчилеринин орун басарлары отурат. Жогорку Кеңешти министрлер кабинети тоготпойбу? Көп суроолор бар. Биз көпүрө катары иш жасашыбыз керек», — дейт ал.

Депутат Камила Талиева дагы Акылбек Жапаровдун жыйынга келишин талап кылып, анын мындай кадамын «саботаж» деп бааласа боло турганын билдирди.

Количество просмотров: 274