• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Кыргыз Темир жолундагы» коррупцияны калкалаган «уяттуу» киши ким?

3 Чын куран 2018 11:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.04. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин транспорт жана байланыш комитетинде «Кыргыз Темир жолу» ишканасындагы коррупциялык жагдайлар боюнча маселе каралбай калды. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Саясатка келгени «уяттуу киши» деген терминди көп укчу болдум. Коррупцияга баткан тармак тууралуу маселе көтөрсөң эле, «уяттуу киши» суранып жатты эле, тим эле койчу дешет. «Уяттуу киши» дегенди бул-олуттуу, тажрыйбалуу коррупционер дегендей эле түшүнүп калдым. Темир жолдогу коррупциялык иштерди комитетте карабай калдык бүгүн, «уяттуу киши» суранган имиш. «Уяттуу кишилер» жакыр өлкөсүнөн, коррупциялашкан системасынан, аз айлыктан жана жамалган жолдорунан качан уялат, билбейм…”,-деп жазды депутат.

Эске сала кетсек, депутат аталган ишканадагы коррупциялык схемалар боюнча маселени көтөрүп, УКМКнын коррупцияга каршы комитетине да жөнөткөн.

 

Количество просмотров: 11