• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети ЖМК мыйзамын кароону кийинкиге жылдырды

4 Бирдин айы 202511:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 4-февралдагы отурумунда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кароону кийинки аптага жылдырды.

Бул жолку жыйында документ боюнча маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев баяндама жасап, долбоор жарандык коом, журналисттердин катышуусунда иштелип чыкканын айтты.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоорун дыкат окуп чыгуу үчүн убакыт сурап, аны кароону кийинки отурумга жылдырууну сунуштады. Демилге колдоо тапты.

Количество просмотров: 142