• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

ЖКнын жалпы жыйынында кандай маселелер каралды?

10 Чын куран 201912:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба  өндүрүшү жөнүндө жана Кыргызстанда малдарды идентификациядан өткөрүү  боюнча мыйзам  долбоору каралды.

Маалыматка ылайык, бул мыйзам органикалык өндүрүш боюнча укуктук негиздерди түзүп, мамилелерди жөнгө салат. Органикалык өндүрүш боюнча сертификациялоону ишке ашырат. Ички рынокту өнүктүрүү боюнча шарттарды түзүп, натыйжада азык-түлүк коопсуздугуна өз салымын кошуп, товарларды экспорттоону көбөйтүүгө жол ачат.

“Эгерде  Кыргызстан  органикалык айыл чарба продукцияны өндүрөбүз деп дүйнөгө жарыя кылып, дүйнөлүк стандарттарга кире албасак, анда бул мыйзамдын эч кандай келечеги жок”,- деди  «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Ал эми кийинки маселеде жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору каралды. Учурда өлкөдө жаныбарларды  идентификациялоо боюнча иштин биринчи этабы аягына чыкты. Статистика боюнча 1 млн 700 миң кара мал, 6 млн дон ашык майда жандык, 59 млн үй канаттуулар жана 467 миң жылкы катталган.

Количество просмотров: 15