• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖМК: Ашраф Гани БАЭге Өзбекстан аркылуу казак учагы менен учуп кеткен

4 Тогуздун айы 2021 15:19 Бишкек Govori.TV

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани талибдер өлкөнүн баш калаасы Кабулга кирип келгенден кийин Өзбекстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учуп кеткен. Бул тууралуу Hasht e Subh Daily ооган гезити Ганиге жакын булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Булактын айтымында, Ашраф Гани жана аны коштоп жүргөн адамдар Термезден Абу-Дабиге 16-сентябрда казакстандык учак менен учуп кеткен.

Маалыматка караганда, 15-августта төрт тик учак менен 54 киши Өзбекстандын Термез шаарына келген. Алардын 22си учкуч жана техниктер болсо, дагы 22си Ашраф Ганинин жансакчылары болушкан.

«Алардын эч кимисинин паспорту болгон эмес», — деп жазды гезит.

Ашраф Гани Термез аэропортуна улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мухиб, президенттик администрациянын башчысы Фазл Махмуд Фазил жана жубайы Рулу Гани менен чогуу учуп келген. Алар Термез аэропортунда 31 саат болуп, аларды 200 өзбек аскери кайтарып турган.

«31 сааттан кийин 16-августта Термез аэропортуна мамлекеттик жана товардык белгиси жок анча чоң эмес 60 орундуу учак келип конду. Ага алгачкылардан болуп Гани менен туугандары отурушту. Андан кийин биз кирдик», — деп билдирген булак.

Басылманын маалыматына караганда, андан соң учак Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен. 28 сааттан бери ачка отурган жүргүнчүлөр алгачкы жолу учактын ичинен тамактанышкан.

Flightradar сайтынын маалыматына ылайык, Ашраф Гани БАЭге учуп кеткен учак казакстандык FlyJet компаниясына таандык болгон. Ал Термезден Абу-Дабиге 16-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 23:00дө учуп кеткен. Анын бортунда жалпысынан 53 киши болгон.

«Үч жарым сааттан кийин Абу-Даби аэропортуна барып кондук. Ал жерден Гани баштаган ооган расмий адамдарын бир нече араб тосуп алды. Аларды ошол бойдон көргөн жокмун. 17-август күнү эртең менен аэропортко БАЭнин расмий адамдары келип, каякка бара турганыбызды сурашты. Алар биз бул өлкөдө кала албай турганыбызды айтышты. Айрым учкучтар менен техниктердин аскердик билеттер бар болчу. Алар жакында эле АКШ ооган жарандары үчүн ачкан Абу-Дабидеги лагерге жеткирилди. Документтери жоктор андан ары кетүүгө аргасыз болушту», — деген булак.

Азырынча Өзбекстандын расмий адамдары гезиттин бул макаласы боюнча комментарий бере элек.

Бирок 17-августта Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) негиздеген Dunyo маалымат агенттиги Ооганстандын Ашраф Гани баштаган расмий адамдары Өзбекстандан башкалка издегени тууралуу маалыматтарды четке каккан.

14-августта өзбек ТИМи 84 ооган аскер кызматкери Өзбекстандын аймагына качып киргенин, аларга баш калкалоочу жай берилип, медициналык жардам көрсөтүлгөнүн билдирген.

15-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ооганстандын 22 аскердик учагы жана 24 тик учагы өлкө аймагына мыйзамсыз киргенин жана алар күч менен Термез аэропортуна кондурулганын кабарлаган. Бирок көп өтпөй Башкы прокуратура бул маалыматтарыд четке каккан.
Көп өтпөй The Wall Street Journal басылмасы Өзбекстандагы ооган учкучтары АКШнын Дохадагы аскердик базасына эвакуацияланганын жазган.

Количество просмотров: 187