Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков коррупцияга каршы жүргүзгөн иликтөөсү үчүн 50 млн. сомдук доосу менен сотко берилгени үчүн өлкөдөгү баардык маалымат каражаттары 13-майда саат 11:00дө журналисттин иликтөөсүн обого чыгармай болушту.
«Бул иш боюнча алгачкы соттук отурум 17-майга дайындалган. Андыктан кесиптешибизди колдоо максатында баарыбыз бир добуштан колдоп, Исаковдун иликтөөсүн баардык ЖМК ресурстарына 13-майда саат 11:00дө чыгарабыз»,- деп жазылат маалытатта.
Кошумчалангандай бул журналисттик акция «Ыдырыстан колуңдү тарт» жана «КР журналисттери коррупцияга каршы» аттуу чакырыктардын алдында өтмөкчү.
Эске салсак, 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган. Көп өтпөй ишкер, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев Ош шаардык сотуна доо арыз менен кайрылып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.