• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

ЖМК этикасы боюнча беш өлкө ортосундагы Меморандум кабыл алынды

7 Теке 2023 14:30 Бишкек Govori.TV

7-июлда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстанда иш алып барган медиа уюмдар MediaNetwork CA тармагын түзүү боюнча меморандум кабыл алышты. Меморандумда бул уюм журналисттик стандарттардын жана кесиптик этикалык нормалардын сакталышын жактап, кесипкөй медиалардын калыптанышына салым кошору жазылган.

Меморандумга Кыргызстандан ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева, Монголиянын медиа боюнча кеңешинин жетекчиси Гунжидмаа Гондор, Өзбекстандын медиа боюнча кеңешинин төрагасы Карим Бахриев жана Казакстандын медианын өзүн-өзү жөнгө салуусу боюнча коомдук комитеттин төрайымы Жылдыз Абдилда кол койду.

Кошумчалангандай аталган Меморандумга Тажикстан кийинчерээк кол коет.

Количество просмотров: 119