• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖМК мыйзамына блогерлер да киреби?

11 Бирдин айы 202515:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-февралда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Кайрадан иштелип чыккан документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

ЖК депутаты Исхак Масалиев мыйзам тууралуу баяндама кылган Маданият министринин орун басары Марат Тагаевге кайрылып, бул мыйзамга блогерлер да киреби деп суроо узатты. Тагаев аталган мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына гана тийиштүү экенин билдирди.

“Миллион-миллион катталуучулары бар блогер да маалымат таратып жатпайбы, анан силер аны кандайча бөлөсүңөр?”, — деди депутат.

Количество просмотров: 165