• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЖМК редакторлору Садыр Жапаровго кайрылуу жасады

29 Тогуздун айы 2022 9:22 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын ЖМКларынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге, Ички иштер министри Улан Ниязбековго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго кайрылат.

Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына болуп көрбөгөндөй кысым болуп жатат: кылмыш иштери козголуп, маалыматка жетүү чектелүүдө; сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар демилгеленип, кабыл алынууда.

Журналисттерди каралоо боюнча уюшкан жана пландуу кампания жүрүп жатат. Көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу талабы менен митингдер жана кол топтоо уюштурулууда. Редакцияларды өрттөө жана маалымат каражатынын өкүлдөрүнө таасир этүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларын колдонуу боюнча акцияларда ачык коркутуулар болууда. Ал эми укук коргоо органдары мындай фактыларга реакция кылбай жатат.

Президенттин аппараты «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Анын 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөн. Ошол эле учурда кээ бир эрежелер дагы катаал. Медиа уюмдардын юристтеринин айтымында, эгер документ азыр сунушталган формада кабыл алынса, Кыргызстан ЖМКлары, андан соң блогерлери менен интернет колдонуучулары сөз эркиндиги менен кош айтышы мүмкүн.

Маданият министрлиги экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын демилгеси менен бир жыл мурун мыйзам бузуулар менен кабыл алынган «Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды колдоно баштады.

Юристтер белгилегендей, бул мыйзам Маданият министрлигине соттун мыйзамдуу чечимисиз, эч кандай талаш-тартыш процесстери жок эле өз билемдик менен көз карандысыз маалымат каражаттарына бөгөт коюуга жол берген, адилетсиз нормаларды камтыйт. Бул мыйзамдын нормаларына үч ЖМК кабылды. Алар: «Республика» сайты, «24.kg» маалымат агенттиги жана «Азаттык Медиасынын» сайты.

Жакынкы аралыкта дагы кеминде үч көз карандысыз интернет-ресурстар бөгөттөлүшү мүмкүн деген маалымат бар. Алар: Kaktus.media, Kloop.kg жана Factcheck.kg басылмалары.

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып, мамлекет башчысы Садыр Жапаровду алар менен анын басма сөз кызматын жана президенттик аппараттын кызматкерлерин катыштырбастан жолугушууну суранат.

Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү өлкө жетекчилигине төмөнкү сунуштар менен кайрылат:

  • «Азаттыктын» сайтына бөгөт коюу чечими жокко чыгарылсын;
  • Даттанууларды кароону токтотуу жана башка массалык маалымат каражаттарына бөгөт коюу;
  • Журналисттерге карата негизсиз жана мыйзамсыз кылмыш иштерин токтотуу;
  • «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорун чакыртып алуу;
  • ЖМК мыйзамдарын талкуулоо үчүн ыйгарым укук берилген медиа коомчулуктун (Журналисттер көз карандысыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси жана редакциялардын жетекчилери) катышуусу менен жумушчу топ түзүү;
  • Жогорку Кеңеш: экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын «Такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзамына депутаттар Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү кароо.

Кайрылууларга кол койгондор:

  • Дина Маслова, «ПроМедиа Плюс» коомдук фонддун жетекчиси ( Kaktus.media, Kaktus.kg, Bilesinbi.kg негиздөөчү);
  • Махинур Ниязова, «24.kg» маалымат агенттигинин шеф-редактору;
  • Айзада Касмалиева, «Азаттык Медианын» редактору;
  • Анна Капушенко, Kloop.kg;
  • Али Токтакунов, MediaHub»дын жетекчиси;
  • Болот Темиров, TemirovLive»дын жетекчиси;
  • Нургуль Абдыкеримова, «Медиа Өнүктүрүү Борбору» коомдук фонддун жетекчиси (Faсtcheck.kg негиздөөчү);
  • Таалай Дуйшенбиев, «Арча»;
  • Кайыргуль Урумканова, Govori.TV»нын жетекчиси;
  • Жаныбек Деркембаев, «Т-Медиа групптун» башкы директору;
  • Дильбар Алимова, «ПолитКлиника» медиасынын редактору;
  • Семетей Аманбеков, Bulak.kg»нин жетекчиси;
  • Гладис Темирчиева,Vesti.kg»нин жетекчиси;
  • Лейла Саралаева, «Новые лицанын» жетекчиси;
  • Равшан Личаню, TV1.kg»нин башкы продюсери;
  • Нурдин Дуйшенбеков, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  • Дмитрий Ложников, «Апрелдин» башкы редактору;
  • Ярослав Тартыков, Factcheck.kg»нин редактору;
  • Нуржамал Джанибекова, «Башта» башкы редактору;
  • Олжобай Шакир, редактор «Айт Айт Десе»;
  • Азамат Ишенбеков, редактор «Айт Айт Десе»;
  • Улан Үсөйүн, «Баштан Башта»;
  • Асель Оторбаева, 24.kg маалымат агенттигинин башкы директору.

Бул тизме уланууда.

Количество просмотров: 172