• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышат

26 Чын куран 2023 9:14 Бишкек Govori.TV

АКШнын президенти Жо Байден 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого кайрадан талапкерлигин коёрун билдирди. Бул тууралуу ал «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Байден менен бирге келерки шайлоого АКШнын вице-президенти Камала Харрис да кайра барарын жарыялады.

Демократтар партиясы 2024-жылкы шайлоого башка талапкер көрсөтө элек. Демократтардын атаандашы — Республика партиясынан мурдагы президент Дональд Трамп талапкерлигин коюшу ыктымал. Бирок ага мурдагы шайлоодо «каражатты максатсыз пайдаланган жана көчөдөгү каршылык митингдерин колдогон» деген айып тагылышы репутациясына көлөкө түшүрүшү мүмкүн экени айтылууда.

Республикачылардан дагы бир талапкер — учурда Флорида штатын жетектеп турган Рон Десантис болушу ыктымалдыгы кабарланган.

Февралда түштүк Каролина штатынын экс-губернатору жана АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Никки Хейли Республика партиясынан талапкер болорун жарыялаган.

Жо Байден Американын 46-президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал АКШ тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы. Азыр 80 жашта.

Количество просмотров: 43