• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Байден: Украинага кол салуу — Орусия үчүн «катастрофа» болот

20 Үчтүн айы 2022 16:22 Бишкек Govori.TV

Украинага ири масштабдуу кол салуу Орусия үчүн «катастрофа» болот, орус президенти Владимир Путин болсо Батыштын болуп көрбөгөндөй санкциясына кабылат. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Байден кол салуу ишке аша турган болсо кесепеттердин бири катары орус банктары доллар менен операцияларды жүргүзө албай кала турганын атады.

АКШ президенти Орусия аскерий жагынан Украинага караганда күчтүү экенин, бирок кол сала турган болсо токтоосуз жана узак мөөнөттүү жагымсыз кесепеттерге кабыларын кошумчалады.

Байдендин пикиринде, Владимир Путин Украинага каршы операция жөнүндө чечим кабыл алат. Ошол эле маалда АКШ президенти Путин ири масштабдагы аскердик жаңжалды каалай турганына ишенбейт.

Орусия Украинанын НАТОго кошулушуна каршы. Байден Кремлдин бул талабы жөнүндө пикирин билдирип жатып, жакын арада Украина альянстын мүчөсү болбой турганын – бул Орусия үчүн эмес, Киевдин азырынча буга даяр эместигине байланыштуу экенин айтты. АКШ президенти Украинанын аймагына НАТОнун күчтөрүн жайгаштырбоо тууралуу Москванын талабын талкуулоого даяр экенин да билдирди.

Байден абал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенине тынчсызданып жатканын да ишара кылды.

«Путин түшүнүп турат деп үмүттөнөм, эгер толук масштабдуу өзөктүк согуш болбосо, ал дүйнөдө үстөмдүк кыла турган абалда эмес», — деди АКШ президенти.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны «чабуул жасаганга даярданып жатат» деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.

Количество просмотров: 173