Кыргызстан курама командасынын чабуулчусу Жоэл Кожо өзбекстандык «Нефтчиге» өттү.
«Футболчу ирандык «Эстеглял» клубунун оюнчусу болуп саналат жана келишим боюнча ал сезондун аягына чейин Ферганада ойнойт. Жыйынтыгында ал кайрадан Иранга кайтып бармакчы»,-деп жазылган маалыматта.
Былтыр жыл аягында Жоэл Кожо «жылдын мыкты футболчусу» аталган.