• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогоку Кеңештин сайты хакердик чабуулга кабылды. Хакерлер акча талап кылууда

19 Тогуздун айы 202016:28 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин сайтын хакерлер бузуп кирип, өздөрүнүн көзөмөлүнө алды.

Маалыматка ылайык, хакердик чабуул жасаган топ акча талап кылууда. Алар: «20-октябрь, Москва убактысы боюнча саат 20:00гө чейин бизге кайрылгыла», — деп эскерткен.

«Логин, паролдор, жеке маалыматтар, телефон номерлер, почталар жана алардын паролдору, ошондой эле бир нече мамлекеттик органдардын сайттары биздин көзөмөлүбүздө. Бизде Кыргызстандын жарандарынын маалымат базасы дагы бар», — деп ЖКнын сайтына жазылган.

Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова учурда сайттын ишин жөнгө салуу боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 129