• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогоку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева пневмонияга кабылды

12 Теке 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева эки тараптуу пневмония менен ооруп жатат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Достор, 10-12 күндөн бери коронавирустун белгилери болуп, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тест терс чыкканы менен, 4-июлда КТ эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө бардык укол, дарыларды алдым. Жакшымын, буюруса. Сатурация дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Бардык маселелер боюнча байланышта болуп турдум жана болом. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!»,-деп жазган Касымалиева.

Кыргызстанда учурда пневмония менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул диагноз менен март айынан бери миңдеген адам ооруканага жаткырылды, алардын ичинен каза болгондордун саны 423 адамга жетти.

Количество просмотров: 1859