Бишкек.31.07.2019.Govori.TV.
Чоң-Алайда орусиялык альпинистти издөөгө жалпысынан отузга жакын куткаруучу катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, издөө иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып, 6300 метр бийиктикте Иванов И.С. аттуу жаранга таандык сумка жана визит картасы табылган.
Эске салсак, 45 жаштагы орус жараны Ленин чокусунан түшүп жатып, соңку жолу 5000 метр бийиктикке келгенде байланышка чыгып, андан бери дайынсыз болууда.