• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку аттестациялык комиссиянын кызматкерлери жетекчисине каршы чыгышуудабы?

31 Жалган куран 2021 10:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку аттестациялык комиссиянын кызматкерлери жетекчи Бакыт Тыналиеваны колдойт. Бул тууралуу алар бүгүнкү маалымат жыйында билдиришти.

Профессор Болотбек Бийбосуновдун айтымында, бүгүнкү күндө Жогорку аттестациялык комиссияда электрондук программа жана веб-сайт иштелип чыгып, анда илимий даражага ээ болууну каалаган абитуриенттердин эмгектерине көз салууга болот. Плагиатка каршы күрөш уланууда. «Албетте, коррупцияны жоюуга жана Жогорку Аттестациялык Комиссиянын ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган ушул өзгөрүүлөрдү эске алып, көптөгөн нааразы адамдар пайда болду», — деди ал.

Маалымат жыйындын катышуучулары кошумчалагандай, Жогорку аттестациялык комиссиянын иши санариптештирилген жана комиссиянын төрагасы айрым талапкерлердин пайдасына чечим кабыл ала албайт. Бул президиумдун ыйгарым укугу.

Эскерте кетсек, буга чейин премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен Бакыт Тыналиева Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы кызматынан алынган. Билдирүү министрлер кабинетинин расмий сайтында пайда болуп, бирок ал маалымат кийин алынып салынды. Берилген маалымат боюнча, аны калыбына келтирүү боюнча каршы документ даярдалып жаткан.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында, Жогорку аттестациялык комиссиянын кызматкерлери жетекчи Бакыт Тыналиевага каршы чыгып жатышканы тууралуу маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 84