• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жогорку Cот Атазовдун мандаты боюнча чечим чыгарды

30 Чын куран 2024 16:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын карап, Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, соттук коллегия андан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 2022-жылдын 9-мартындагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча чечими жокко чыгарылган.

Башкача айтканда, Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушу жарактуу деп табылат. Боршайком соттун акыркы токтому тууралуу комментарий бере элек.

Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке депутат болуп келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, мандатты Абдурахманхажи Муртазалиевге берүүнү чечкен. Бир айдан кийин Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шайлообек Атазов Жогорку сотко кассациялык арыз берген.

Количество просмотров: 239