Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат (өзгөрүүлөр болушу мүмкүн):
1. 2021-жылдын февралына Жогорку Кеңештин календардык планын бекитүү ;
2. Премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Асамидинович Марипов тарабынан сунушталган өкмөттүн программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо;
3. “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору;
4. “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
5. “Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзамдын долбоору;
6. “Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
7. Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 9-декабрындагы №4220-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган варианты;
8. “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;
9. “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору;
10. “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору;
11. “2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү асоциациясынын ортосундагы “Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата президенттин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири;
12. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы №43-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
13. “Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.