• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңеш чек арадагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын угат

18 Аяк оона 2019 10:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча бүгүн, 18-сентябрь 14:00дө кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңешке маалымат берет. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Эске салсак, 16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөшүү болгон.

Количество просмотров: 38