• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жогорку Кеңеш июль айында кезексиз жыйындарга чогулмай болду

4 Теке 2021 7:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары 5-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта ар шаршемби жана бейшемби күндөрү кезексиз отурумдарга чогулат. Мындай буйрукка парламенттин төрагасы Талант Мамытов 2-июлда кол койду. Кезексиз сессияны уюштуруу Жогорку Кеңештин аппаратына жүктөлдү.

Кезексиз жыйындар мамлекеттик органдардын жаңыдан ишке кирген Конституциянын негизинде толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу жана колдонуудагы мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында өткөрүлөт.

Эске салсак, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы 30-июнда ишин аяктап, каникулга чыккан.

Количество просмотров: 190